www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милиция бүгүн, 10-мартта боло турган тынчтык митингинде элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу билдирүүнү  ШИИБ таратты.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында "Зордук-зомбулукка каршы" аталышындагы тынчтык акциясы, саат 12:00дө болорун митингдин уюштуруучулары социалдык тармактарга жазып чыкты.

Мындан улам Кыргызстандын кээ бир жарандары, боло турчу митингдин уюштуруучуларына карата агрессивдүү чакырыктарды таратып жаткандыгына байланыштуу, милиция элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Ал эми митингдин уюштуруучулары ченемдик-укуктук актылар менен мыйзамды сактап, калаанын жашоочуларына ыңгайсыздык жаратпашы керек экендигин милиция эскертет. Мындан тышкары күч органдары милдетине ылайык кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыз кыла турганы кошумчаланды.

Эске сала кетсек, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен. Натыйжада коомдук тартипти бузууга катышкан 11 кишиге 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып пул салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости