www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирустун андан ары күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. Анын ичинде өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди. 

"Өзүнчө "кызыл аймактар болбойт. Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт ", - деди Конте журналисттерге.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.

Италияда дүйшөмбү күнү кечинде оору 1807 адамга жуккан. Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши коронавируска чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жеткен.

Дүйнө жүзү боюнча 114 киши инфекцияны жуктуруп алды, 4004 адам көз жумду, 62 834ү айыкты.

9-март күнү 199 киши өлсө, алардын ичинен 97си Италияда катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебреисус Женевадагы маалымат жыйынында COVID-19 тездик менен тарап жатканын, дүйнөдө пандемия ыктымалдуулугу бар экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости