www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна дезинфекциялоочу тоннель орнотулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын облусунун аймагына дезинфекциялоочу тоннель орнотулду.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 20-апрель күнү КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 210-чакырымындагы санитардык-карантиндик постуна унаа каражаттарын дезинфекциялоочу тоннель коюлду.

Аталган дезинфекциялык тоннелди даярдоого Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы материалдарын камсыздап берүүгө каражаттарын бөлүп берди.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында жарандар көп бара турган объектилерде, маселен дүкөн, банк, базар, дарыкана, негизги жолдор жана башка коомдук жайларда уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости