www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаев менен байланышып, коронавирустун айланасында жаралган айрым маселелер боюнча пикир алыштык.
--Самсаалы мырза, ошто коронавирусту жашырган деп бир канча адамга кылмыш иши козголду. Бул туура элеби же аша чабуубу?
--Коронавирус жөнөкөй илдет эмес экенин дүйнө коомчулугу эбактан бери эле чуу салып келе жатат. Анан мамлекет тарабынан, эл тарабынан илдет таркап кетпеш үчүн, көбөйүп кетпеш үчүн ар кандай чаралар көрүлүп аткан кезде билип туруп оорууну жашырып, оруунун андан ары таркалышына себепчи болуп жүрө берсе, сөзсүз жазага тартыш керек. Бул деген өз элине чыккынчылык кылган менен барабар. Мамлекетибиздин эң биринчи байлыгы эсен-соо жарандары. Бул аша чапкандык эмес, айла кеткендеги арга.
--№17 үй бүлөлүк медициалык борбордун кызматкерлери бейтаптардан коронавирусту жуктуруп алып, абалы оорлору бар экен. Ал турсун дарыгерлер үй бүлөлөрүнө да жуктуруп алган жагдай орун алыптыр. Мындай фактылардын жоопкерчилиги кимде болуш керек?
--Бул маселе иликтеп көрүп анан бир тыянак чыгарчу маселе. Эгер мамлекет, бийлик, ошол эле Саламаттыкты сактоо министрлиги тараптан баардык шарттар түзүлгөнүнө карабай шалакылык менен жуктуруп алса, анда дарыгерлер күнөөлүү. А эгер шарт түзүлбөй, вирустан коргонуучу кийимдер жетишпегендиктен улам мындай көрүнүш орун алса, анда тескерисинче жогору жактагылар жоопко тартылышы керек. Андай учурда врачтарды күнөөлөө чеки иш болуп калат.
--Эгер карантин узара турган болсо, кайсыл талаптар жумшарышы керек деп ойлойсуз?
--Бул жерде баардык нерсе коронавирус жуктуруп алгандардын санынын көбөйүшүнө же азайышына байланыштуу болот. Коменданттык саат, карантин айла кеткендеги иш аракет. Алдын ала бир нерсе деп айтыш кыйын. Эгер вирус жуктургандардын саны көбөйө турган болсо, мындан да катаал чараларга барышка мажбур болобуз.
Булак: NazarNews.kg