www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза болгон.

Маркумдун сөөгү ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери  тарабынан унаадан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости