www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Кайнагам айламды кетирди...

Саламатсыздарбы мен сиздерге жардам сурап кайрылып жатам бул жөнүндө башка адамдарга ооз ача албайм атым анонимдүү болсунчу.

Анда кеп башынан болсун мен 2 жыл мурун жигитим менен ажырашкам. Ажырашуубуздун себеби кызганыч менен уруш - талаш болуп эки айрылыш жолго кеткенбиз. 

Бара-бара ал дагы унутулуп мен жаңы жашоо баштап,  жакын адамыма айланган жигитке макулдугумду бердим. Экөөбүзгө дүйнө түгөл болуп биз бир үй - бүлө болууну чечтик. Көптөн күткөн той күнү да келип баары өз нугу менен өтүп жаткан. Бир маалда эле менин тойумда менин мурунку жигитим жүрөт. Сураштырып олтурсам ал менин күйөөмдүн бир тууган байкеси болот экен. Мен шок абалында эле туруп калдым. Той бүтүп үйгө келгенде кызыктын баары башталды.

Мен ашканада жүрсөм келип мени кармалап артымдан кучактап мага тийише берет. Бир күнү үйгө коноктор келип мен коридордон кетип баратсам ал дагы алдыман чыга калып жөн жерден эле жаактан ары бир чапты. Мен эмне кылаар айламды таппай калдым. Жолдошума айтсам биздин мурунку мамилебиз ачыкка чыгып шерменде болбоюн деп ызага муунуп бараттым. Маанайым суз болуп, конокторду узатып бөлмөбүзгө кирсем жолдошум дагы мен үчүн күтүүсүз жаңылыгы менен отурган экен. Жолдошум бир айга жумушу менен чет өлкөгө кетмей болду. Эми мени ойлондурган нерсе жолдошум кетсе мени тигил желмогуз байкеси жөн койбойт!Мен канткенде жолдошумду жаныма алып калсам болот? Кеңеш бериңиздерчи....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости