www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мамлекет башчылары деле укташат. Арийне, башка жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге караганда , өтө аз уктап, кээ бирөөлөр Владимир Путинге окшоп “Куш уйку” эле сала коюшат. Путин 1999-жылдын 31-декабрынан Орусияны ооната баштаган, эми  2036-жылга чейин президенттикке жол ачып алгандай. Ал дүйнөлүк саясатчылардын «лөгү», Горбачев сыяктуу мамлекеттин таш-талканын чыгарып, жок кылбады. Ельцинге окшоп бөтөлкөнү кучактап алып, АКШнын алдына жатып берген жок. Серепчилердин айтымында Орусия тарап жок болуу деңгээлине жеткен. Эгер Борис Ельцин Конституциядан тышкары үчүнчү мөөнөткө президенттикке аттана турган болсо, анда Орусия бөлүнүп жок болмок. Ельцин өзү мамлекет башында турганда жаңылып калганын сезип, мураскерин издегенде өтө кылдаат байкаптыр. Акыры өткөн доордун аягында мураскерин издегенде өтө кылдаат байкап президенттин Иш башкармасындагы  Владимир Путинге басым жасап, ФСБнын жетекчилигине алып келет. Ал эми 1999-жылдын августунда өкмөт башына алып келип, 1999-жылдын 31-декабрында президенттик  милдетин аткаруучу кылып жол ачып берет. 2000-жылы мартта болгон шайлоодо Путин жеңип келет. 2004-жылы экинчи ирет жеңип келет. Ал эми 2008-жылдагы президенттик шайлоодо  Дмитрий Медведев президенттикке шайланып, Владимир Путин өкмөт башына келет. 2012-жылы президенттин мөөнөтү алты жылга узарып Владимир Путин шайлоодо жеңиш менен келет. 2018-жылы экинчи мөөнөткө 2024-жылга чейин кайрадан шайланып келет.

Эми биз тааныган президенттердин уйкучулу эле Дональд Трамп экен. Азыр Америкада президенттик шайлоого жарыш башталып шордуу президент уйкуга канбай жүргөнсүйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости