www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында жол кырсыгынан үч киши каза болуп, алты адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы кабарлады

Кырсык жолдун 250-чакырымында, 31-майга караган түнү болду. Анда “Ауди 100” үлгүсүндөгү машине менен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаа кагышып кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн алты кызматкери барып, кырсыктан каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, "Тез жардамдын" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мерт болгон жана жаракат алгандарды аты-жөнү такталууда.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 250-чакырымы Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айылына туш келет - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости