www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда айрым белгилүү да, белгисиз да тараптардан «Ихлас» курулуш компаниясына карата атайын бир беткей каралоо, чагымчылдык иш- аракеттери активдүү жүргүзүлүүдө. Албетте, мындай жийиркеничтүү, арам иш-аракеттер атайын бир кара ниет Аллахтан коркпогон арсыз адамдардын бир тобу тарабынан уюштурулуп, коомчулукту удургутуп, козутуу максатын көздөйт. Анткен менен адал эмгек, аруу тилек, акыйкаттыкты бек тутуп акырет үчүн астейдил ак мээнетибиз менен күн санап өсүп бараткан биздин курулуш мекемебиздин бедели түшүп же, белибиз бошоп калбайт!

Тек гана коомчулуктун башын айлантып, кардарларыбызды күдүк ойлорго түртүп, түрдүү шек саноолорго жем ташталууда. Ошондуктан, биз мындай ыплас каралоо компаниясын “көрө албастык жана көрпенделик” деп атап, кескин айыптайбыз! Бизди өкүндүргөнү, аталган каралоо компаниясына айрым Эл өкүлдөрү, тактап айтканда, Жогорку Кеңештин илим- билимдүү аттуу-баштуу, биз сыйлаган кээ бир депутаттардын жагдайды, маселенин чоо-жайын аңдап талдабай аралашып, парламент трибунасынан үстүккө-босток улам кайталап көтөрүп жатышат. Тактап айтканда, баш калаабыздын түштүк магистралынын аймагындагы 2, 8 га жер жөнүндө көбүрөөк сөз болууда. Бул жер маселеси алгач көтөрүлгөндө эле баары мыйзам чегинде жасалган иш экендигин айтып, так маалымат бергенбиз. Ошондой эле ал жер тилкесиндеги курулуш иштери да бардык уруксат берүүчү органдардын мыйзамдуу уруксаты менен жүргүзүлүп жаткандыгын шаар мэри Албек Ибраимов да, курулуш агенттигинин жетекчилиги да бир нече жолу бышыктаган.

Шаарыбыздын ушул эле аймагында канчалаган курулуштар курулуп жатат. Акыркы 10-15 жыл аралыгында жүздөгөн ар түрдүү имараттар курулду. Атап айтканда, бир катар турак үйлөрдөн сырткары бир нече чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин жаңы кеңселери курулду. Ошондой эле чет элдик белгилүү бир университетке 100 га тегеригиндеги эбегейсиз чоң жер тилкеси бөлүнүп берилгендигин баарыбыз көрүп-билебиз. Эмнеге ошолор боюнча бир сөз жок. Ал эми бизге окшогон ата-мекендик кыргыз мекемесин баса калышат? Эгерде дал ошол бизге берилген жер тилкесинде дагы да чет элдик элчилик, же чет өлкөлүк курулуш компаниясына берилип, курулуштар курулса эч ким ооз ачмак эмес.

Азыркы бизге асылып жаткан жарма патриоттордун мекенчилдик сезимдери неге козголуп, эмнеге эбегейсиз көп сандаган гектар жерлер башкаларга берилгенде унчугушпаган? Кейиштүү жагдай, ушундай удургугуган ушактардын айынан курулуш иштерибиз аксап, түрдүү текшерүүлөргө туш болуп отурабыз. Керек болсо авталган жер тилкесиндеги курулуш иштери да убактылуу токтотулууда. Мында иштеп, туруктуу маяна алышып, үй-бүлөсүн баккан миңдеген адамдар ишсиз калышууда. Алардын көпчүлүгү көр оокаттын айынан Орусия өңдүү өлкөлөргө үй-бүлөлөрүн таштап, иш издеп кетүүгө аргасыз болушууда. Алардын убал-сообунан корксоңор боло, көрө албас көр пенделер! Ушинтип катуу айтууга аргасызбыз. Өз өлкөбүздө жумушчу орундарын түзүп, жаштарды иш менен камсыздап, миграция агымын азайтууга эбегейсиз зор салым кошуп, өлкөбүздүн экономикасына миллиондогон салык төлөмдөрүн төлөп жаткан бизге ушундай кыянаттык кыласыңарбы, бай болгурлар?! Карасанатайлыктын да чеги болот да! Кыргыз эли, айрыкча шаарыбыздын тургундары азыркыдай заманбап үйлөрдө жашап, таза абада жашоосуна неге кам көрбөшүбүз керек? Же ошол жерге да чет элдиктерге “чоң имараттарды” курууга берип коюп унчукпай олтура берсек боло береби?

Дагы бир өкүнүчтүүү жагдай, биздин “Ихлас” курулуш компаниясына айтылуу шоопур Икрамжан Илмияновдун такыр тиешеси эзели болбогонун жана жоктугун биз бир нече ирет тилибиз тешилгенче безилдеп айтсак да айрым ушакчы маалымат каражаттары такыр ишенгилери келишпейт. Ошол эле учурда Икрам Илмиянов өзү дагы биздин компанияга тиешеси жок экенин тынбай айтып келет. Таң калычтуу жагдай, бул жалган дүйнөдө коомубуздагы айрым адамдар кашкайган чындыкты көрүп, билип турса да акыйкатка ишенбей, куру доомат, жалган жалаага ишенип жатышы өкүндүрөт.

Азыр улуу рамазан айы. Аллах кармаган орозолорубузду кабыл кылып, берекесин берсин! Орозо кармаган бардык мусулман бир туугандарыбызды орозоңор кабыл болсун дейбиз. Рамазандын аякташы менен бизди ыксыз каралаган бардык тараптар менен, айрыкча маалымат айдыңындагы бир нече адамдар менен укуктук талаада күрөшөбүз. Тактап айтканда, сотко кайрылып, өзүбүздүн чындыгыбызды жана акыйкатыбызды далилдейбиз!

“Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости