www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы айларда мунай продуктуларынын баасы 5-10 пайызга кымбаттары күтүлүүдө. Мындай маалыматты Кыргызстандын  нефтетрейдерлер Ассоциациясы таратты.

Алардан алынган маалыматтар боюнча жыл башынан бери өлкөбүзгө 325,8 тонна мунай продуктулары импорттолгон.  Тактап айтканда,  160,6 тонна мунай жана 165,2 тонна дизел отуну импорттолгон.

Алсак орточо эсеп менен Кыргызстанда мунай 0,75 сомго (1,9 пайызга), дизел отуну 2 сомго (5 пайызга ) кымбаттаган.

Мунай продуктулары Россия рыногунда январ айында  6 пайыз жогоруласа, май айында 10 пайызга чейин өсүп кеткенин Кыргызстандын  нефтетрейдерлер Ассоциациясы маалымдады.

Бул бир катар факторлорго байланыштуу жана анын негизги себебин мунайдын дүйнөлүк баасынын көтөрүлүүсү түрткү болуп, ал алты жумадан бери токтоосуз өсүп жатканын НФАсы белгиледи.

Алсак, баалар май айында эле 9-10 пайызга жогорулаган. Мунун натыйжасында,  Кыргызстанда да мунайдын баасы  кымбаттары белгилүү болду.  Бирок, Нефтетрейдерлер бааны туруктуулугун сактоого жана чукул кымбаттатпоо саясатын улантууга аракет кылаарын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости