www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек–Ош автожолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде 5 жерден сел түшүп, жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери ыкчам тартылып, учурда жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда.
Жолду тазалоо иштерине 2 даана автопогрузчик, 2 даана Hovo үлгүсүндөгү автосамосвал жана 1 даана автогрейдер тартылган.
Учурда жолду толук ачуу жана унаалардын коопсуз каттамын камсыздоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.