www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында эки аялдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу шектүү айдоочу камакка алынды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-октябрда саат 22:24 чамасында Бишкек–Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү автоунаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, «Бишкек Петролеум» май куюучу жайынын жанында жол четинде бара жаткан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1967 жана 1960-жылы туулган эки аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча 2-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жол кырсыгына шектүү катары 2009-жылы туулган Б.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-октябрда Токмок шаардык сотунун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо жана ага катышкан адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости