Бишкек — Ош жолунда унаа кыймылына чектөө киргизилди
Коом  |   |  1014

Бишкек — Ош жолунун 223-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү саат 18:30да түшкөн. Көчкүнүн узундугу 150 метр, бийиктиги үч метрге жакын. Учурда ошол участкадагы унаа кыймылына чектөө киргизилди. Жолду тазалоо иштери саат 21:35те аякташы мүмкүн.

Булак:  NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями