www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин спикерлигине Кубанычбек Конгантиев сунушталууда. Анын талапкерлигин “Кыргызстан” фракциясы жылдырууда. Ал эми көпчүлүк коалиция ушул талапкерге токтолоору же башка бирөөнү сунуштаары азырынча белгисиз.

Өткөн аптада көпчүлүк коалициясынын лидери Таалай Сагынов фракция лидерлери менен чогулуп, спикерликке кимди алып чыгууну талкулашаарын, ошондон кийин болжолдуу талапкердин аты белгилүү болоорун билдирген болчу.

Кубанычбек Конгантиев экс-башпрокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу, 38 жашта. Шаардык кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган – биринчисинде “Республика” партиясынан, азыркысында “Кыргызстандан”. Буга чейин спикер болуп келген Алмаз Кененбаев жакында Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалгандан бери бул орун бош турган. Кененбаев менен Конгантиев экөө жакын достордон болушат. Ал эми Кененбаев экс-президент Роза Отунбаеванын күйөө баласы (сиңдисинин күйөө баласы) катары да белгилүү.

Учурда шаардык кеңештин төрагасынын милдетин убактылуу Эмил Сыдыков аткарып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости