www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат өзү кызык эле. Трагикомедия бул жакта калат. Саясатта бир туруп боздоп, сыздагандар, бир туруп кулүп жайнап, атайын билимдүү артисттерди артта калтырышат.

Былтыркы президенттик шайлоонун шайтан оюндарындагы «Абыке-Көбөш» окуясы саясый сахнаны бир топ көрктөгөн. Анын башкы каарманы Даир Кенекеев «гонорарына» вице-премьер министрлик креслону ээлеген. Бирок, анча узакка чуркабады.

Учурда Кенекеев жеке иштери менен алек. Кайрадан саясатка кайтуу тилеги менен жогору жактан таасирдүү адамдар менен жолугушуу үчүн болгон күчүн жумшап жүргөн чагы. Балким, ушу тапта кайрадан «Абыке-Көбөш» темасын терең изилдеп, кайдан кулак чыгарууну ойлоп жаткандыр.

Баса, Даир мырза улуу эпосто Көзкамандар да бар экенин билет болду бекен? Эгер ушул темага да бир ирээт кайрылып көрсө балким саясый сахнага кайра кайтат беле, ким билет?...

Булак: “Де- факто”

Последние новости