www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичке, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге Кайрылуу жасады.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын эмгек жамааты сиздерге Алиев Улан Мамажакыповичти башкы дарыгерлик кызмат ордунда калтырып беришиңерди  өтүнүшөт. Анткени, анын кол алдында иштөө биз үчүн оңтойлуу. Ал уюштуруучу, менеджер, ар кандай көйгөйлөрдү өз убагында бат чечет жана эң негизгиси биз ага ишенебиз. Азыркы жетекчиге караганда сабырдуу, жамаат менен тил табыша билген, иш билги жетекчи катары бизге абдан жагат.

Азыркы жетекчибиз болсо көпчүлүккө жакпайт, эч ким деле ага ишенбейт. Ага эч нерсе жакпайт, элдин баарын жактырбайт. Биз Мукамбетова Э.А тууралуу айтып жатабыз, ал бизге башкы дарыгер болуп келгени жатат кайрадан. Териси жука, эмоциясын кармана албаган киши, дайыма ага бир нерсе жакпайт да турат. Ал иштен бошоноордо биздин жамаат менен таптакыр эле иштешкиси келген эмес. Жеке амбициясы башынан ашкан, өзүн өзү сүйгөн, керсейген жетекчи менен кантип иштешүүгө болот.

Алиев У.М болсо кыска аралыкта бир топ иштерди жасады. Элүү эки жылдан бери ремонт болбогон тамак аш блогун, складды ремонттоду. Аз эле убакытта жакшы жыйынтыктарды кылып, өзүнүн жакшы жактарын бизге көрсөттү №6 БШКО жамааты Алиев У.М. башкы дарыгерлик орунда калтырышын өтүнөбүз.

Мукамбетов Э. А менен иштешкибиз келбейт. Аны бизге Космосбек Чолпонбаев министр болуп турганда 3 айлык мөөнөт менен бизге башкы дарыгер кылып даярдаган. Биз ал киши менен иштешкенде бул кызматка татыксыз экенин билип, анын жетекчилик кызматка бекишине  100 пайыз каршы чыкканбыз. Ал турсун  Бишкек шаардык №6 клиникалык оорукананын эмгек жамааты каршы кол коюп бергенбиз. Бирок, айрымдар кол коюудан баш тартышкан. Көрсө, ал бөлүм башчыларга кысым көрсөтүп, өзүнө кызматкерлерди каршы чыгарбоого аракет кылган экен. Көрсө, ал Ыссык-Көлдүк Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин  жердеши экен. Ошол кишини колго алып биздин каршы топтогон колубузга да маани бердиртпегендин айласын жасаптыр. Баарынан кызыгы, бул киши кызматка бекир замат акча чогултуп баштайт. Бирок, чогулткан каражатты максаттуу пайдаланбайт.  Оорукананы оңдоп түзөөгө деп чогулткан каражатты да ага толук жумшабайт. Бул киши кызматка келгенде бөлүм башчыларыбыздан  акча чогулттурууну адат кылып алат.  Тагыраагы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кесиптик майрамына деп белек бечкекке жана мебелдерге деп деле акча чогулттура берип, башыбыз акча чогулуудан өйдө болбой калат.

Бул кишинин дагы бир жаман жери оорукананын эмгек жамаатын ынтымакка чакыргандын ордуна кызматкерлерди экиге бөлүп алат. Жакшы көргөн кызматкерлерине колдоого алып. Жаман көргөн кызматкерлерин болушунча басмырлайт.

Ошондой эле өз чөнтөгүнө акча түшө турган системаны киргизип койгон. Кыскасы, бул кишинин иштөө схемасы бизге жакпайт. Чындыкты айткандарды кодулайт. Татыксыз кызматкерлерди жумушка тартып, ишинде калпыстыкка жол берет. Ошон үчүн Бишкек шаардык №6 клиникалык оорукананын эмгек жамааты Мукамбетов Э. Анын кайра баштагы кызматына кайтып келишине караманча каршыбыз.

Урматтуу Кыргыз республикасынын Башкы прокурору кызматын аркалап жаткан Курманкул Токторалыевич, Мукамбетов Э. А нын ишин иликтеп, бир катар мыйзам бузган фактылары боюнча, каражатты өз чөнтөгүнө түшө турган схемаларды ишке ашырганы боюнча иликтетишиңизди суранабыз. Президенттен эмгек жамааттын суранычын эске алат, татыксыз кадрдын жооптуу кызматка келишине тоскоолдук жаратат деп үмүт кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости