www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен тамыр кармап ооруну аныктай алам”, - деди NazarNews маалымат агенттигине элдик даарыгер Дүйшөн Чомоев.

--“Мен тамыр кармап ооруну аныктай алам. Ошону менен катар ооруканадагы эле дарыгерлер менен тыгыз иштешем. Айрым бейтаптарды анализ тапшырууга жиберем. Себеби, дарыгерлердин так диагнозу керек болот. Мен көпчүлүк ооруну таза айыктыра албасам дагы учурунда жардам бере алам. Эскерте кетчү жагдай жарандар оорусун так билбей эле каалаган чөптөрдү дайыма эле иче берүүгө болбойт. Сөзсүз кайсы чөп керек ошону билип, тиешелүү чөптү гана колдонуу керек. Мисалы, Кант диабети күчөп кеткенде алгынын тамыры, чалкан, чатыраш, бөрү карагаттын тамыры, мөмөсү, уулжандын жардамы менен канттуулукту төмөндөтүп турса болот. Тынчсызданып, нервденип турган учурда гана 5-10 күн ичип, кайра 10-15 күн эс алып туруу зарыл. Чалкан канды кургатат. Кант диабетинде кан өтө суюлуп, курамы бузулуп кетет. Ошондуктан мээни сергитип, боорду, уйку бездин, өттүн иштешин мен негиздеген 7-режим менен жакшыртуу керек”, - дейт Чомоев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости