www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы 89 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мяликгулы Бердымухамедов 1932-жылы 12-августта төрөлгөн. Эмгек жолун китепканачы катары баштап, андан кийин башталгыч класстын мугалими болуп иштеген.

1958-жылдын июнь айынан 1982-жылга чейин Ички иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалап, подполковник наамы менен пенсияга чыккан жана ошондон бери мугалимдик кесипти аркалап келген. Ал Улуттук билим берүү институтунда, Педагогика илимдеринин илимий изилдөө институтунда жана Ашхабад шаарынын Билим берүү бөлүмүндө иштеген.

Анын ысымы борбор шаары Ашхабаддын №1001 аскер бөлүгүнө, ошондой эле борбор калаанын Ички иштер министрлигинин Чоганлы турак-жай комплексине берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости