www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы териштирүү бүгүн уланат.
Акыркы жараян 2-февралда өтүп, сот эртең мененки саат 10:30дан кечки 20:00гө чейин уланган. Мындан улам актоочу тарап сотко ишеним көрсөтпөө жөнүндө өтүнүч келтирип, бирок ал четке кагылган.
Соттон кийин Салянова чечимди шашылыш чыгаруу аракети жүрүп жатканын журналисттерге маалымдаган.
Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.
Эскерте кетсек, Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо боюнча чечимин чыгарган.
Булак: NazarNews.kg