www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 3-февраль күнү катуу сабалган 2 жаш 8 айлык Бексултан жеткирилген. Баланы өзүнүн апасы катуу сабаганы белгилүү болду. Бул маалыматты аталган ооруканадан тастыкташты.
Учурда Бексултан комада жатат. Анын ата-энеси бирге жашашпайт.
«Баланын денесинде көк ала тактар өтө көп. 2015-жылы төрөлгөн Бексултандын баш мээси катуу жабыркап, башына кан уюп, шок абалда болгон», - деди дарыгер.
Бексултандын апасы 24 жашта.

Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости