www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 11-февралында Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү темир жол аркылуу ташууну өнүктүрүү жана анын борбор калаанын коомдук транспорт тутуму менен өз ара аракеттенүүсү боюнча көчмө жыйын өткөрүлүүдө.
Көчмө жыйынга «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин, Бишкек шаардык мэриясынын, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, «Санариптик технологиялар борбору» МИнин жана «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИнин өкүлдөрү катышууда. Көчмө жыйындын маршруту Бишкек-1 бекетинен Кант жана Сокулук бекетине чейин өтүп, учурда иштеп жаткан темир жол инфраструктурасы менен таанышууну камтыйт.
Жолугушуунун негизги темасы - шаардык жана темир жол транспортун интеграциялоо, ошондой эле темир жол инфратүзүмүн борбор калаанын тургундары үчүн жеткиликтүү жана альтернативдүү транспорт түрү катары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар автовокзалдар, темир жол бекеттери жана шаардын ар кайсы райондорунун ортосунда ыңгайлуу транспорттук байланышты камсыз кылуучу жаңы автобус каттамдарын киргизүү келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган, темир жол менен шаардык коомдук транспорттун ортосунда туруктуу жана үзгүлтүксүз байланыш түзүү маселелерине бурулду.