www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жаңы техника жана атайын жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Облус башчысы Тилек Текебаев бул демилге аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам экенин белгиледи. Ошондой эле ал табигый жана техногендик кырсыктарды жоюу, авариялык-куткаруу иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн зарыл болгон заманбап техникалар жана жабдыктар сатып алынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жаңы алынган техникалар Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, жалпысынан 12 миллион 800 миң сом акча каражаты жумшалган.
Аталган каражатка JAC T9 үлгүсүндөгү 3 унаа, мотопомпалар, куткаруу инструменттеринин комплекттери, дрон, жарык мунарасы, өрт өчүрүүчү жана куткаруу жабдыктары, ошондой эле суудагы куткаруу каражаттары сатылып алынган.