www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларды жүргүзүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Бул иштердин алкагында тариф саясаты жүргүзүлүп, эскирген жабдуулар жаңыланууда, ошондой эле энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылуужана инфраструктураны модернизациялоо боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Каржылоо электр энергиясына болгон тарифтик каражаттардын эсебинен жүргүзүлүп, эскирген инфраструктураны этап-этабы менен жаңылоого мүмкүндүк берет. Аталган иш-чаралардын алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы— Бишкек электр тармактар ишканасы апрель айынан ноябрь айына чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин жүргүзүүдө. 

35/10/220 кВ чыңалуудагы көмөк чордонлордо жалпысынан 215 даана электржабдуусун капиталдык оңдоо пландалган. Мындан тышкары, 3219 даана жабдууга техникалык тейлөө каралган. Бүгүнкү күндө 581 даана жабдуу тейлөөдөн өткөрүлдү. 

Жүргүзүлгөн иштер азыртан эле шаардын энергетикалык системасынын ишине оң таасирин тийгизүүдө. Тактап айтканда, көмөк чордонлордун ишенимдүүлүгү жогорулап, технологиялык бузулуулар жана авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдиги азайууда. Жабдууларды өз убагында тейлөө жана жаңылоо керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга,ошондой эле энергообъекттердин кызмат өтөө мөөнөтүн узартууга шарт түзөт. Натыйжада күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөрдө да энергосистеманын туруктуу иштөөсү камсыздалат. 

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында көмөк чордонлордо заманбап жабдуулардыорнотуу иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде күч трансформаторлору, вакуумду  көчүргүчтөр жана 10 кВ КРУН уячалары. Анын ичинде күч трансформаторлорун алмаштыруу жана 17 даана вакуумдук өчүргүч орнотуу каралган. Тактап айтканда, трансформаторлор боюнча төмөнкү иштераткарылууда:
 * «Берлик» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда — 25 МВАдан 40 МВАга алмаштырылууда
* «Западная» 35/6 кВ көмөк чордонунда — 10 МВАдан 16МВАга алмаштырылууда
* «Тунгуч» 35/10 кВ көмөк чордонунда — 6,3 МВАдан 10МВАга алмаштырылууда
* «Кызыл-Аскер» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда — 25МВАдан 40 МВАга алмаштырылууда
* «Мурас» 110/10 кВ көмөк чордонунда — 40МВА трансформатору орнотулууда (жаңы курулуш)
* «Ак-Кула» 110/35/10 кВ көмөк чордонунда — 40 МВА трансформатору орнотулууда (жаңы курулуш)
* «Ынтымак» 110/10 кВ көмөк чордонунда — 40 МВА трансформатору орнотулууда
* «Алтын-Казык» 110/10 кВ көмөк чордонунда — 40 МВА трансформатору орнотулууда
* «Кыргызская» 110/10 кВ көмөк чордонунда — 40 МВА трансформатору орнотулууда 

Ошондой эле ОДКЗ-35 тибиндеги эскирген жабдуулар заманбап 35 кВ вакуумдук блоктук өчүргүчтөргө алмаштырылууда, бул электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында Бишкек шаарында электр менен камсыздоо жакшыртылып, энергетикалык системанын ишенимдүүлүгү жогорулайт. Капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электрэнергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, заманбап жабдууларды орнотууэнергетикалык инфраструктураны жаңылоого жана электр энергиясын бөлүштүрүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Бул өз кезегинде күз-кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөрдү туруктуу өткөрүүгө мүмкүндүк берет. 
 

Последние новости