www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө 2025-жылдын 27 –июнунда «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда алынган 35 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице–мэри Б.Т.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан», — деп жазылат маалыматта.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.