www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүү маалында наркотиктикалык каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы аныкталды. Тартип сакчыларына Бишкек шаарынын 53 жаштагы тургуну уруксат берилбеген затты сактагандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.


Тинтүү ишинин жыйынтыгында, жарандын жашаган үйүндөгү жайкы жуунучу душтун ичинен пакет табылып, анын ичиндеги эки литрдик банкадан 86 ширенкенин формасындай болгон өңү кочкул-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Табылган зат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик криминалисттик башкармалыгына химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Эксперттин жыйынтыгы боюнча, бул зат кара куурай “гашиш” экени аныкталып, жалпы салмагы 1кг 886 граммды түзгөн. Кармалган жаранга мурунда кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган.


Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси (баңги каражаттарын башкага берүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости