www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегерандагы терактка байланыштуу Ирандын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев көп адамдардын курмандыгына алып келген Тегеран шаарындагы  терактка байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти  Хасан Роуханиге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында  Кыргыз Республикасы тынч жашаган  күнөөсү жок жарандарга багытталган бул катаал актыны чечкиндүү айыптаары белгиленет.

“Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайратка чакырган  сөздөрдү, жапа чеккендердин баары  тезирээк сакайып кетишин кааларыбызды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,деп айтылат телеграммада деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости