Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга учуп келди
Расмий кабарлар  |   |  993

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 8-июнда жумушча сапар менен Казакстан Республикасынын борбору Астанага учуп келди.                                         

Визит учурунда Президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышат деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями