www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ток этээр кыска көрсөтмө

Кыргызстан акыркы жылдары өнүгүүнүн жолуна түштү дейин десек ашыра чапкандай болобуз. Бирок тагдырдын тамашасын кара, бийликке бири кетсе бири келет, кеткени айланып-айланып дагы бийликке келет. Кандай гана бактылуу аткаминерлер!  

Дегенибиз менен ошол тааныш жүздөр Кыргызстандын экономикасын талкалап, өлкө жакыр мамлекетке кирип, Бишкек эң начар делген шаарлардын 33 –катарына кирди. Кандай болгон күндө дагы карапайым калктын бийликтегилерге ишеними кетип бүттү...

Окуяларга бай Ак үй

Сөздүн кыскасына өтүп аткаминерлердин аймагына кирип Ак үй тарапка көз чаптыралы. Ак үй 3 түрдүү окуяга бай. Биринчиси мамлекеттик бутактардын эң орчундуу имараты болуп эсептелсе, экинчиси бат-баттан митинг болчу жер, үчүнчүсү 2010-жылдан кийин бул жерге келип, Ак үйдү карап мазар сыяктуу куран окуп жаткандарга күбө көп жолу болосуң...

Жан-жакасын карабагандар

Эми Ак үйдүн ичине кирели. Кирдик...кирсең эле ичинен акылдууларды, чыт курсак, бок курсак, кашын сүзгөн, ойлуу баскан, теңсинбеген, текиреңдеген, асмандагы Айга барып кайткансып, ооз учунан сүйлөгөндөргө күбө болосуң...

Тамчыны көрбөгөндөр...

Ток этээр сөзгө өтөлү. Алсак, 8-июнда Ак үйдөгү аккан тамчыны vb.kg тартып алган тасмага азыноолок сөз таштайлы. Тээ ата-бабабыз боз үйдө күн өткөрүп келе жатканда деле төбөсүнө тып эткен тамчысы жок жашап келишкен. Тилекке каршы кечээги Жогорку Кеңештин жыйындар залында суу тамчылап жаткан тасманы көргөндөн соң, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө жана ошол имаратта иштеп жаткандарга “аман эле болсун” дегенден башка сөз айтуунун кажети жок.  

Келгиле акча топтойлу...

Анткени Ак үйдүн чатырынан кирип "тып-тып" деп эмес, "шар-шар" түшүп жаткан тамчыга таштанды эмес, тамекинин калдыгын сала турган чаканы коюлганын көрүп, ары жакта жыйын өткөрүп олтургандарга “там” бердик да таң калдык. Кыскасы сөз жок. Ошол жердеги тамчыны көрбөгөн Жогорку Кеңеш карапайым калктын тагдырын чечмек беле. Билебиз акчаңар жок байкушсуңар, жок дегенде элден бир сомдон топтоп, оңдоп түзөө ишин жүргүзүп койсоңуздар. Андай килтейген имаратты курууга азыр мамлекеттин күчү жетпейт. Келгиле Урматтуу окурмандар, Ак үйдөгү тамчыга азырынча желим чака алып кое туралы да, “чакыч” сатып алып, эскилиги жеткен жерлерди жамоого акча топтойлу! Себеби, азыркылардан кийин бул имаратка келип элге кызмат кыла турган жаш муундар бар...

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости