www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Робин Жээнтаевдин атын укканда көпчүлүк сөзсүз, "өз атын жашырбай эле чыкса болмок экен", деген пикирди айтышат. Анткени менен Робин деген ысымды ата-энеси азан чакырып койгонун буга чейин радио, гезит, сайттарга берген маегинде баса белгилеп, эч кандай лакап эмес паспорттогу ысымы экенин тастыктаган.

Дал ушул өзгөчө ысымга ээ Робин Жээнтаев быйыл шоу дүйнөдөгү чоң агымга бой таштап ыр артынан ыр, клип артынан клип тартып эмгектенип жаткан кези. Май айында «Ардагым» аттуу ырынын клибин жарыкка чыгарса, эми «Сүйүү жашка карабайт» деген аталыштагы Ильяз Агыбай уулунун чыгармасына жаңы жасалга менен клип тартып бүткөнүн продюсери Курманбек Ниязбеков сайтыбызга кабарлады.

Клипмейкер Улан Шеркуловдун сөзүнө таяна турган болсок, монтаж иштери бүтөөр замат экрандан көрөт экенбиз. «Сүйүү жашка карабайт» деп ырдап калганына караганда Робин өзүнөн бир топ улуу же алдаганча кичүү кызган ашык болуп калган өңдүү. Ал жагы азырынча бизге караңгы. Аны клипти көргөн соң гана билет окшойбуз. Ырчыга ийгилик каалап, жаңы эмгегин күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости