www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластын тирикарак кызы менен бул сапар социалдык түйүндөр аркылуу баарлашып, таалуу суроо-жооптор менен кеп тизгинин уладык.
– Койсун айым, Улуу Рамазан айыңыз менен ! Орозо кармадыңызбы? Кармасаңыз кабыл болсун!
– Улуу Рамазан айында арууланып, орозо тутуп келе жатканыма быйыл 32 жылдын жүзү болду. Учурдан пайдаланып, кадырлуу калкымды касиеттүү Рамазан айы менен куттуктап, кармаган орозоңуздар кабыл болсун демекчимин.
– 2015-жылы туура эки жыл мурун губернаторлук постту өз эркиңиз менен таштап кеткенден бери саясатта дымыңыз чыкпай кетти. Же сизди саясат тажаттыбы? Баса, учурда «атамекенчилер» менен мамилеңиз кандай?
– Азыркы учурда саясатта дымы чыкпай калган адам болбосо керек… Бирок, сиздер туура баамдагандай, акыркы эки жыл үй-бүлөмө, жакындарыма жана өзүмө көңүл буруп, тыныгуу алдым. «Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам» дегендей эле майдадан курган эмгегимди «Ата Мекен» партиясынын айрымдары билсе, кээ бирлер унутта калтырган. Балким, убагы келгенде кенен айтып бербесем, азыр комментарийсиз калтырууну туура көрдүм.
– Президенттик шайлоого карай купулуңузга толгон талапкерди сүрөөнгө аласызбы? Таластыктар жердешчилик жагынан катуу элеңер, тагдыр чечээр маалды үкаңыз Өмүрбек Бабановго жардам берип калбайсызбы? Дегеле, ага карата пикириңиз кандай?
– Президенттикке талапкерлердин бири жеке менин купулума толуусу абзел эмес. «Журт башчысына талапкер болом» дегендер бийик сапаттарга ээ, арзымат эмес, азамат, «кара кылды как жарган калыс», жерибизге чеп болуп орногон инсан болсо, албетте, сүрөп, колдоп бергенге даярбыз. Ал эми жердешчилик жөнүндө кеп козгоо – бул трайбализмдин биринчи башаты да. Кыргызымдын татыктуу жигиттери ат салышса, мыктысы жана эл батасына ээ болгон кыргыз уулу алдыга умтулуп чыкса керек. Ал эми Өмүрбек Бабанов жөнүндө айтчу сөздөр көп… Себеби, ал кыргыздын дагы бир кыраан жигиттеринин бири да.
– Аял башыңыз менен таластык азоо мүнөз туугандарга беш жыл чыдап, ар кандай каршылыктарга туршутук бергенге каныңыздагы көкбеттик сапат жардам берди го?
– Таластын эли азоо мүнөз экенин сизден билип атам. Чынында, бир топ кыйынчылыктардын үстүндө иш алып барып, болгон күчүбүздү ошол учурдагы тынчтыкты сактап, иш пландарды ишке ашыруу максатында эбегейсиз эмгек кылдык. Мен жана мага ишенген кадырлуу Таластын касиеттүү калкы менен беш жыл көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. Беш жыл кыйынчылыктар менен ийгиликтер бирин-бири коштогон жылдар болду. Ал эми ошол жылдар ичинде каршылык кылган чагымчылар менен иш алып баруу кээде кыйынчылыктарды жаратса, кээде чыйралтып, кайрадан жаңы жетишкендиктерге жол ачып беришти. Балким көкбеттик сапатпы же башкабы, аны башкалар баа бербесе…
Булак: "АЗИЯnews"