www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү бийликтен өтүнүштү. Бул тууралуу КРдин Кинематография департаментинин сайтында айтылат.

Маалыматта кинотеатр ээлеринин премьер-министр Кубатбек Бороновго, экономика министри Санжар Муканбетовго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Бишкек мэри Азиз Суракматовго жасаган кайрылуусун  сайтка жарыялаган.

Киночулар март айындагы карантиндик чектөөлөргө чейин эле жумуштары токтогонун билдиришкен. Бул аталган тармактагы бизнеске жана андагы кызматкерлердин жашоо-турмушуна кыйынчылык жаратканы, миңдей киши жумушсуз калганы айтылат.

"Кинотеатр ээлеринин көпчүлүгү карантин убагында да токтотулбаган насыялары үчүн пайыздарды төлөп келишет. Анын үстүнө жабык кинотеатрлар дагы деле техникалык тейлөөгө муктаж, бул кошумча чыгымдарды талап кылат. Алардын ишмердүүлүгү жанданган күндө деле материалдык абалын жакын арада ордуна келтире алышпайт", — деп айтылат маалыматта.

Кино бизнесинин өкүлдөрү көпчүлүк өлкөлөрдө кинотеатрлардын иши жанданганын, сентябрь айына бир канча тасмалардын бет ачары пландалганын белгилешүүдө.

Россияда болсо кинотеатрлар 1-августтан тарта иштеп баштаган.

Бишкектеги кинотеатр ээлери бардык коопсуздук жана санитардык чаралар сакталат деп ишендиришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости