www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы 22 орто мектепте "Илимбокс" (IlimBox) деп аталган санариптик китепкана орнотулду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Баткенде аталган китепкананын презентациясы өтүп, ага мектеп директорлору, райондук жана шаардык билим берүү борборлорунун кызматкерлери катышкан.

Китепканада беш тилдеги китептерди таап, интернети жок окуса болот. Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу кире алат.

"Китепканадан англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм өнөр жана программалоо боюнча видеолекцияларды англис тилинде көрүүгө болот. Ошондой эле 500дөй кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдериндеги китептер, педагогика, археология, мамлекеттик укук жана көркөм өнөр боюнча 300дөн ашык китеп камтылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, балдардын билимин текшерүү үчүн тесттер да бар экендиги кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости