www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет колдонуучулары АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын Республикалык партиянын улуттук жыйынындагы көз карашын талкуулап жатышат. Бул тууралуу Uproxx жазды.

Кечээ, 28-августта съезд  өтүп, анда Дональд Трамп келе жаткан шайлоодо президенттикке талапкер болуп бекитилген. Ак үй алдына өлкө башчынын 38 жаштагы кызы Иванка да чыккан.

Видеотасмада Мелания Иванканы жадырап-жайнап тосуп алып, мындайыраак баскандан кийин өңү бузула түшкөнү көрүнүп турат.

Аны байкаган көпчүлүк биринчи айымды сындап чыкты.

"Өтө кызык", — деп кээси таң калганын жашырган эмес.

"Деги Мелания жек көрбөгөн киши барбы?" — деп суроо салган башкалар.

Окуянын видеосу тездик менен жайылып, 8,5 миллиондон ашуун ирет көрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости