www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жашаган 43 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов онлайн брифинг учурунда билдирди.

"Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда абал кооптуу бойдон калууда. 30-апрелге карата шаар боюнча коронавирус аныкталган 183 адамдын 43ү жаңы конуштарда жашагандар. Бишкек шаарындагы 47 жаңы конуштун 14үнөн коронавирус инфекциясы менен ооругандар аныкталды. Алардын ичинен Арча-Бешикте 16, Ак-Өргө жаңы конушунда 3, Көлмө жаңы конушунда 7, Ак-Босогодо 6, Керамическаяда 2, Ак-Ордо, Ынтымак, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Көк-Жар, Касым, Мурас-Ордо, Тынчтык, Учкун жаңы конуштарында 1 ден учур катталган", - деп билдирди шаар мэри.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости