www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, көйгөйлөр талкууланууда.

Алсак, депутат Айнура Аскарова кырдаалга байланыштуу жугуштуу оорулуулар дарыланган ооруканага муктаждык жогорулаганына токтолуп: “Коңшу өлкөлөр кыска убакыт аралыгында ооруканаларды салышууда. Ал эми биздеги абал көпчүлүккө белгилүү, абалыбыз өтө начар. Андыктан, бул жаатта дарылоо ишин жүргүзгөн ооруканаларды оңдоо жана жаңысын куруу ишин колго алышыбыз керек”, - деди.

Бул боюнча саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат берип, Кореянын атайын программасы менен 130 орундуу инфекциялык оорукана куруу мерчемделип жатканын кошумчалады. “Андан тышкары, облус-райондордогу ооруканалардын тиешелүү бөлүмдөрүн заманбап кылып оңдоп-түзөө иштери да жүргүзүлмөкчү”, – деди министр.

Ал эми депутат Исхак Масалиев атайын эсептерге келип түшкөн каражаттарды пайдаланууда тактыкты талап кылып, аларды натыйжалуу колдонуу зарылчылыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости