www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов дүйнө салды. Бул тууралуу muftiyat.kg сайты Максатбек ажы Токтомушевге таянып жазып чыкты.

"Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өлкөбүздө дин тармагында өз өмүрүн арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп үзүрлүү эмгектенип келген Садридин ажы Маджитовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Садридин ажы Маджитов Бишкек шаарынын мусулмандар казысы кызматын аркалап, өз ишине жоопкерчиликтүү, илимге бай, адамдык сапаты бийик мыкты инсан эле. Ал өз өмүрүндө бир катар шакирттерди даярдап, Ислам дининин асыл баалуулуктарын элибизге жеткирүүдө абдан чоң салым кошту.

Бул оор кабарды кайгыруу менен кабыл алдык. Садридин ажынын  Кыргызстан мусулмандары үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Элибизге динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам Садридин ажынын  үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз маркум Садридин ажыны Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз", - деген Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

NazarNewsтун жалпы жамааты: Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости