www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

                                                                                                        Урматтуу кыргызстандык мекендештерим!

Бүгүнкү күндө коронавирус илдети - дүйнөлүк чоң оору Кыргызстанга дагы өтө катуу таасирин тийгизди. Өзүбүздүн экономикабыз ансыз деле чабал эле. Пандемия экономикабызга, социалдык абалга оор тийди. Тилекке каршы, Өкмөтүбүз, бийлигибиз убагында даярдыкты көрбөй калды. 2019-жылдын ноябрь айында оору Кытайда башталганда эле бийликтегилер дагы коңгуроо кагыш керек эле.

Мен март айында Германиядан дарылануудан келип обсервацияда жатып, ошол учурдагы көйгөйлөрдү айтсам, мага Ак үйдүн жетинчи кабатынан чалып, жаман көрүштү эле. Аксакал киши ушуларга көзүңүздү жумуп деле койбойсузбу деп. Ошондогу кемчиликтер бүгүнкү күнү ачык айкын оор абалга элибизди алып келди. Биздин мамлекетте гана каза болгондордун санын экиге бөлүп жатышат: коронавирустан жана пневмониядан деп. Ошол эле адистер, саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин айтуусу боюнча экөө бир эле оору – Сovid-19. Кимисине ишенсек болот?! Бир топ саясатчылар коронавирус Кыргызстанда жок, бул дүйнө жүзүндө да жок оору, бул алдамчылык деген ойлору менен бөлүшүп жатышкан. Доктурлар 200 миң сомду алалы деп ооруп калып жатышат деп. Мунун дагы негизи бар эле. Саламаттыкты сактоо  министри бир кишини даарылаганга 3000 доллар  кетип жатат деген, азыркы күндө ага ким ишенет? Ошондон улам, эл оорунун бар экенине ишенимин жоготуп, бийликти, Өкмөттү укпай, ишенбей, кээ бир саясатчылардын тили менен көпчүлүк эл көчөлөрдө, базарларда, дүкөндөрдө маска дагы кийбей ачык басып жүрүшкөн. Коомдук транспортто дагы толтура киши болуп, базарлар иштеп жаткан эле. Мына азыр болсо Кыргызстан аябагандай оор абалга туш болду. Азыр өлгөндөрдүн саны бир кыйла көбүрөөк. Мисалы, менин айылымда эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынан он күндө он киши өтүп кетти. Бир тууган инимдин кайнатасы, классташым, тааныштарым, элге белгилүү адамдар өтүп кетишти. Бишкекти мартта эмес, 15-20 июнда карантинге жабыш керек эле. Өкмөтүбүз чабал болду. “Жеди, ичти” десек кайра жаман көрүп жатышат. Ошол эле маалда Финпол, Башкы прокуратура иш козгоп бирден чакырып тергеп жатат. Алардын ичинде Премьер-министр М. Абылгазиев жана мурунку Саламаттыкты сактоо министри дагы бар. Мен түшүнөт элем, эгер элге кызмат көргөзүп, күйүүчү май коротуп, техникасын колдонуп, кызматкерлерди иштетип, ошол жерден аларга айлык төлөп, социалдык, салык төлөмдөрдүн баарын төлөөгө каражаттар коротулган болсо, анан бир аз пайда тапса мейли эле.

 Азыркы оор маалда дарыканалар дагы дарылардын баасын 10 эсеге чейин көтөрүп жатышат. Эмне үчүн төрага дарыканаларга барып жөнөкөй сатуучуларды урушуп жатат? Эмне үчүн президент,  өкмөт башчы же төрага, даарыканалардын магнаттары менен жолугуп: “Кудайдан корккула, айлыгына  жетпей эл жапа чегип жатат, бир топ ишканалар жабылып, салыгын төлөй албай турганда, пенсия-пособиясын эптеп тамак-ашына жеткирип жатканда дарынын баасын 10 эсе көтөрүп жатасыңар, баасын ылдыйлаткыла.” десе болот эле. Бирок бул нерсе жасалган жок. Президент, Премьер-министр же Жогорку Кеңештин төрагасы Финполду, Салык кызматын, УКМКны, Башкы прокуратураны, Баажы кызматын, ИИМди чакырып алып тапшырма берсе туура болмок. Эмне үчүн бааларын көтөрүп жатат, текшергиле, жоопко тарткыла деп. Дагы бир маселе рентген, компьютердик томография 3000 сомдон кем эмес болуп калды.

Алгоритм боюнча деп, эгер ПЧР-анализ тапшырбасаң, жыйынтыгы болбосо, компьютердик томографиянын баракчасы жок болсо ооруканалар кабыл албай жатышкан. Ошондой эле орун жоктугунан оорукананын алдынан канчалаган жарандарыбыз өтүп кетип жатышат. Өкмөттү дагы түшүнүп жатам. Каражат жетишпей жатат, сырткы жана ички карызыбыз күндөн күнгө көбөйүүдө. Бирок элге ачык айтып, ушундай абалда калдык, чогуу жеңишибиз керек, белди бекем бууйлук, чыдайлык, бирге ынтымакта тартипте бололу десе элибиз да түшүнөт эле. Болбосо көп маалыматты жашырып келишүүдө. Кыргызда “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” деген жакшы сөз бар. Жаап жашырсак эртең эмне болот? Өлгөндөрдүн, covid-19га чалдыккандардын саны официалдуу брифингдеги маалыматтан кеминде 10 эсе көптөй сезилет. Ар бир обсерваторияда, ооруканаларда суткасына 1-2 киши бул дүйнө менен кош айтышууда. Үйлөрүндө ооруканага жетпей же орун жок болуп өлгөндөрү канча?

 Биздин бийлик бүгүнкү күндө талапка ылайыктуу иш алып бара албай жатат. Эл деген 4 айдан бери өлкө башчыбыздан кайрылуу күтүп жаткан, Президентибиз эми гана кайрылуу жасады. Кечээ күнү оорулуулар жок күндүзгү стационарды көрүп тим болду. Премьер-министр, ЖК төрагасы же орун басарлары, депутаттар, министирлер бир обсерваторияга барганга жарай элек. Кемчиликтерин угуп, жардам кылууга аракет жасалган жок. Эмне үчүн премьер-министр бир оорукананы барып көрүп койбойт? Эмне үчүн ошол эле Россиянын Президентине кайрылып коюшкан жок? Россия Федерациясынын коргоо министри С. Шойгу бир айда бирден инфекциялык клиникаларды куруп жатат. Манас аэропорту жакта (Ганси базасына) жана Ош шаарына дагы ооруканаларды куруу тууралуу  Россияга кайрылуу жасаса болмок. КМШнын, ОДКБнын, ШОСтун, Бажы союзунун мүчөсүбүз. Жардам берет эле деген ойдомун.  Бизде болсо даярдык жок болууда. Ошол себептен ушул кейпибизге келдик. Оорунун экинчи толкуну келсе эмне болобуз? Азыр ооруканаларда орундар, медиктер жетишпей жатат. Тамак-аштын, салыктын баасы ылдыйлаган жок. Чакан ишканалар азыр мышык ыйлагандай абалда болуп калды. Демек эмне кылышыбыз керек? Уялбай туруп жардам бергиле деп айтышыбыз керек эле.  8,5 млн. калкы бар Тажикистандын Президенти Э.Рахмон эки ай мурун эле ачык айтты: Бизде абал оор, дары-дармектер, медициналык оборудованиялар жетишпей жатат деп. Ошол эле Россия Федерациясы, эл аралык  уюмдар чоң жардам кылышты. Биз 6 млн. калкыбыз бар дейбиз, коронавируска, пневмонияга кабылгандардын саны Тажикистандан да ашып кетти. Ал тургай 33 млн. калкы бар Өзбекстандан дагы ашты. Тынч маалда эч кандай даярдыгы жок болуп, биздин жарандар өтүп кетип жатканы үчүн бийликти эчким кечирбейт! Жоопкерчиликти бийликтен эч ким алган эмес. Бийлик элге иштеши керек болчу. Ойгонгула! Ойлонгула! Силерди биз шайлаганбыз, сураганга толук акыбыз бар. Иштей албай жатсаңар оордуңарды бошотуп  кетишиңер керек дейт элем.

Мен дагы жаран катары кайдыгер карай албай айласыздан Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путинге кайрылдым. Кайрылуунунун текстин дагы кошуп койдум, окуп коюңуздар. Мен колуман келишимче жардам кылып жатам. Өзүм дагы 19-июндан бери даарылануудамын, меники дагы эки тараптуу пневмония экен, ошондой эле аялым, үч балам дагы ооруп жатышат. Коңшуларга, тааныштарга, Кыргызстанга келе албай жаткан мигранттарга дагы жардам керек болуп жатат. Өтө кейиштүү абалдабыз.

Мен кыргыз элимди тынчтыкка, сабырдуулукка, кайраттуулукка чакыраар элем. Белибизди бекем бууйлук, мындан да жаман Үркүндү, Биринчи, экинчи дүйнөлүк согушту башыбыздан өткөргөнбүз. Азыркы маалда өзүбүзгө жана кайратман элибизге гана ишеним калды. Баарыбыз бирдикте гана бул ооруну жеңип чыга алабыз. Мен алдыда элдин келечеги бар экенине ишенем. Элиме - журтума тынччылык, ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм!

Силерди урматтоо менен,

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости