www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боливиянын убактылуу президенти Жанин Аньес коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал COVID-19 инфекциясына каршы тест тапшырган. Жыйынтыгы вирус бар экендигин көрсөткөн.

"Вируска каршы тест тапшырдым, натыйжада коронавирус бар болуп чыкты. Абалым туруктуу, изоляцияда болуп, ишимди уланта берем", - деп жазган.

Жанин Аньес бул кызматка 2019-жылы ноябрда аталган өлкөнүн мурунку президенти Эво Моралес отставкага кеткенин жарыялагандан кийин киришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости