www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда журналисттердин көчөгө чыгып иштөөсүнө уруксат берилбейт. Бул тууралуу 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

ЖМКлардын  көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, чакан түшүндүрмө берип кетейин! Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамында Өзгөчө абал – калктын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында гана жарандардын укуктары менен эркиндигине айрым чектөөлөрдү киргизүүгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттенмелерди жүктөөчү убактылуу чара экендиги так көрсөтүлгөн.

Күнүмдүк иш тартиби өзгөрүлүп, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок.

Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей. Ошону менен бирге ЖМКнын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана аларга ыңгайлуу болуусу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, алар түз эфирде көрсөтүлүп жатат. 

Бардык кызыктырган суроолор WhatsApр номерине жиберилүүдө. Биз журналисттер жана коомчулук тарабынын берилген эң орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз. Буга чейин мен өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды анализдеп чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. 

Бул биринчи кезекте сиздердин ден соолугуңардын коопсуздугу үчүн керек. Ошондуктан, сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн көп суранып кетээр элем.

Республикалык штабдын жана коменданттардын онлайн-брифингдеринен жооп алуу үчүн силерди кызыктырган суроолоруңарды пресс-борборлорго «тынымсыз байланыш телефону» аркылуу жиберсеңиздер болот. 

Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. 

Бүгүнкүдөй жаңы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар алыстатылган режимде иштеп жатат. Азыркы учурда интернет байланыштары жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өңүттөгү жоопторду алууга болот. 

Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы жаңы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек. 

Мындан улам журналисттерге Республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем. 

Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооңуздарга ыраазычылык билдирем.
Бишкек шаарынын комендатурасынын Сall – борбору.

Суроолор менен төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот: 66-06-16, 66-07-10,66-21-34, 66-02-48,  62 22 63 номери боюнча, Суроолорду электрондук почтага жиберсеңиздер болот:  [email protected]", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости