www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нургазы Мусаев өзүнүн баракчасынан учурдагы абал тууралуу “Ааламдык апаат. Кыйкым издеген кыргыз” деп билдирүү жазып чыкты.

“Короновирус - ааламдык апаат. Эси бар элдер: "ким кылды, кимден жукту" дебей, ар ким алына жараша аракет кылып жатат. Диванда жаткан серепчилер ойлогондой эле боло бербейт.

Умрадан же дааваттан келе жатып жолдон, самолеттон, автодон жуккандыр, көчөдөн жуккандыр, аэропорттон жуккандыр.

Мен ушул жерден жармашкан элем деп айтпайт экен бул макулук.

Дааватчы таратты деген логикага таянсак, Америкага да дааватчылар жуктурдубу? Же ынтымагы ыдырап, бири ойду, бири тоону сүйлөп отурган Европага да дааватчылар же умрачылар алып бардыбы? Постсоветтик мамлекеттерде Кыргызстандан башка бардык өлкөлөрдө Таблиги Жамаатка тыюу салынган. Аларга да дааватчылар алып бардыбы?

Балким короновирус очогу дүйнөнүн көп жерлеринде пайда болгон болсочу? Бир күчтөр тарабынан атайын таратылып жаткан болсочу?

Адамзат тагдырына жазылган нерсе асмандан түшөбү, жерден чыгабы, же жеп аткан тамагыңан чыгабы, өз ичиңен чыккан заңдан чыгабы, аны ким билиптир? Билген болсо, жашоонун кызыгы кетип калбайт беле?

Кечээги эле Эбола тумоосунан 100 000 адам кырылып кетти го Африка континентинде. Сурап алаар адамы, таянаар тоосу жок экен, алайган боюнча өлүп кете беришти байкуштар. Эл аралык уюмдар бар экен, бир тобу сакталып калды.

Айры буттуу адам жашоосу деле компьютердик программа сыяктуу окшобойбу. Улам жаңы вирус чыгып, ага каршы антивирус чыгарып турбасаң, компьютериң эси оойт. Илибой кыргыздын компьютерине кирсең, пираттык программа турат. Анда антивирусуңду жаңыла деп ыйлап турган жазууну көрөсүң. Кыкең дароо жаңылай койбойт аны. Кыйрап калганча иштетет.

Коомдук турмушубуз деле ошол. Коркунучтардын алдын албайбыз. Кыйкырып турган көйгөйлөрдү убагында чечпейбиз. Башкы стратегибиз ар ким менен айтышып, фейсбукта отурат.

Короновирус боюнча болсо жооптон да суроолор көп. Ар ким акыл чөйчөгүнө жараша ой жүгүртүп жатат.

Айтайын дегеним, узун-туурасынан, ичинен да, сыртынан да ыдырап турган кыргыз коому "Короновирус кайдан жукту?" деп отуруп, такыр чачылып кетпесек экен деген ой.

Тагдырыңда бар нерсе, болбой койбойт. Акылдуу элдерде "Мындай кылып койгондо, андай болбойт эле" деген ой болбойт. Тарыхты кайра кайрып албайсың. Байкасам, дааватка барбаганда мындай болбойт эле деп кыжаалат болгон эл.

Бака өз кудугунда жатып алып, асманда алты жылдыз бар дейт экен. Өз кудугубуздан чыгып, кең дүйнөгө да көз чаптыра жүрөлү".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости