www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата шаардык бюджеттин эсебинен 1 миллион 692 сом бөлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 миң 112 наристенин ар бирине 500 сомдон акча бөлүндү. Алар аймактардагы почта бөлүмдөрү аркылуу ала алышат. 

«Ошондой эле «Бишкек шаарындагы балдар айылы» уюму, «Тумар», «Колуңду бер» фонддору, «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси, «Балдарды социалдык адаптациялоо борбору», үй-бүлөнү жана балдарды калыбына келтирүү борборлоруна финансылык жактан колдоо көрсөтүлдү. Аталган уюмдардын ар бирине 10 миң сомдон которулду. «Айданек» калыбына келтирүү борборунда тарбияланып жаткан өспүрүмдөр да куру кол калбайт», — деп айтылат маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости