www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Анда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү” мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, Асылбек Жээнбеков чет элдик компаниялар тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди. 

“Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактар боюнча мыйзам өзгөрүүгө муктаж. Чет элдик компаниялар менен эркин экономикалык аймак убагында келишим түзүп жатканда мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон келишим түзүлгөндө азыркыдай абал түзүлбөйт эле. Мамлекеттин кызыкчылыгы эмнеде? Биз чет элдик компанияларга жөн эле жер берип, шарт түзүп бере беребизби? Мамлекеттин кызыкчылыгы ал жерде жумуш орундары түзүлүш керек, продукциялар өндүрүлүшү зарыл. Анан азбы-көппү салык төлөнүшү керек. Аларды жасабаса мамлекеттин укугу болушу зарыл – ачык эле айтып, кубалап айдап чыгыш керек. Мамлекетке пайдасы тийбесе, жерди алып коё албасак анда биз кандайча мамлекет боло алабыз?”, – деп билдирди Жээнбеков.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Асылбаева, А.Нурбаев, А.Султанов, Э.Байбакпаев, С.Айдаров, О.Алыбаев, А.Арапбаев, А.Осмонова, Ж.Акаев, А.Сулайманов.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору буга чейин Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салган, өндүрүштөрдү жөндөгөн, жумуш орундарын түзгөн жана өлкө экономикасына жагымдуу таасир көрсөткөн эркин экономикалык зоналардын бардык субъекттерине бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ошондой эле, бул мыйзам долбоорунун нормалары эркин экономикалык зоналарга инвестицияларды жеӊилдиктер менен тартуу, инновациялык жана экологиялык таза, табиятты сактоого багытталган, атаандаштыкка жарамдуу экономиканы өнүктүрүү үчүн укуктук базаны түзүүгө мүмкүндүк берери айтылды.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда креативдүү индустриялар кластери деген түшүнүккө аныктама берилгенин айткан депутат: “Бул чыгармачыл топтордун иштөөсү үчүн укуктук негизди түзүүгө мүмкүндүк берет. Анткени, креативдүү кластер – чыгармачылык дараметке жана инновациялык идеялар менен өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу мүмкүндүгүнө ээ болгон адамдардын жалпылыгын камтыйт. Кластерге кирүүчү ишканалар бири-бирин толуктап турат. Ал синергиянын эсебинен натыйжалуулукту жогорулатууга алып келет”, – деп кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Рада Туманбаева сунушталып жаткан мыйзамдагы нормалар эркин экономикалык зоналарда натыйжалуу башкаруу болооруна кепилдик бербей турганын жүйөө келтирип, кабыл алууга каршы чыкты. Мындай пикирди комитет төрагасы Нурбек Алимбеков да тастыктап, экономикалык тобокелчиликтер арбын экендиги менен түшүндүрдү. Ошондой эле депутаттар башкаруу компаниялары боюнча маселелерди көтөрүшүп, мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарылчылыгына токтолушту. Жыйынтыгында кайра карап чыгуу максатында демилгечи депутат Абдывахап Нурбаев мыйзамды артка чакыртып алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости