www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана берүү жөнүндөгү макулдашуу долбоору каралды.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аталган макулдашуунун негизинде бюджетти колдоо багытында 20 миллион доллар берет. Анын 10 миллион доллары грант, калганы насыя. Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу маалымат берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости