www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев 28-марттагы парламент отурумунда Бишкек ТЭЦиндеги маселе боюнча сөз сүйлөдү. Анын айтымында, эгерде баасы 120 сом болгон бир кычкачты 600 доллардан документтештиришкен болсо, анда көптөгөн суроолор жаралат.

«Биз февраль айында, суук болгон бир жумада 386 млн долларга модернизацияланган Бишкек ТЭЦи иштен чыгып калганын көрдүк. А. Шыкмаматовго карата 300 миңсомдук автоунаа боюнча ишкозголгон жана ал каралууда, ал эми баасы 14,5 миңдолларлык видео байкоо жүргүзүүчү камера боюнча иш козголгон жок. Биз сураганда коррупция боюнча иш козголот дешкен. Жакында 2 ай болот. Эгерде бүгүн коррупция боюнча иш козгосо, анда 20-30 чиновникти көрө алабыз», - деди ал. Ошондой эле ал эгерде биз ТЭЦ боюнча коррупция жаатында иш козгой албасак, анда коррупция менен күрөшүү тууралуу ооз ачпай эле койгонубуз оң экендигин да кошумчалады.

Албетте, жалпы коомчулук үчүн азыркы тапта Бишкек ТЭЦиндеги маселе кызыгуу жаратып турган маалы. Айрым маалыматтарга караганда 386 миллион доллар Кытайдан накталай түрдө келген. Анан ал акчага ТЭЦ модернизацияланган. Бирок, конкреттүү түрдө кандай тетиктерди алмаштырууга, кандай иштерди жасоого жумшалганы боюнча эч кандай отчет берилген эмес.

Ошол убакта азыркы премьер-министр Сапар Исаков КР президентинин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган эле. Демек, тышкы мамилелерди көзөмөлдөп турган. Андыктан бул иште анын да жоопкерчилиги каралышы керек дегендер арбын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости