www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын бул өлкөгө жөнөгөнү ойлорун төгүнгө чыгарды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунни, борбор калаа Пекинде өткөргөн маалымат жыйынында борбор шаар Пекинде кечээ арттырылган коопсуздук чара көрүүлөрү жана Түндүк Кореянын лидеринин Кытайга кеткени жөнүндөгү айтымдар жайылганы жөнүндөгү суроого жооп берип, «Сиз айткан темадан эч нерсе түшүнгөн жерим жок. Бир маалымат болсо жарыялайбыз»,-деп айтты.

Кытай жана Түндүк Кореянын коңшулаш экенин жана салттык карым-катнаштары менен катар нормалдуу карым-катнаштары да уланганын белгилеген Хуа, Пекин бийлигинин Пхеньян бийлиги менен жакшы коңшулук жана достук карым-катнаштарды өнүктүрүү, Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы, жарым аралдагы тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы жагдайында конструктивдүү роль ойногусу келгенин айтты.

Басма сөз катчысы Хуа, Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосунда боло турган саммитке да токтолуп жарым аралдын коңшусу катары, эки тараптын ортосундагы диалогоо ыраазы боло тургандарын жана жарым аралдын ядролук куралдан тазаланышы багытында таштала турган кадамдарды колдой тургандарын айтты.

Япониянын телеканалы NTV жана берүү органы NHK, кечээ адаттан тышкары корголгон бир поезддин Кытайга жеткенин, поездде жогорку даражалуу делегация бар экенин жана шаарда коопсуздук күчөтүлгөнүн жарыялап, кабардын артынан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын же анын карындашынын бир делегация менен Кытайга кеткени жөнүндө чагымчыл кабарлар берилген.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын апрель айынын акырында Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен, май айына чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу пландалып жатат.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости