www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Чүй облусунун Жайыл жана Аламүдүн райондук криминалдык милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Маалыматта милиция кызматкерлери чоң суммадагы акча уурдоо фактысы боюнча иликтеп жатышып, жеке кызыкчылык үчүн кызматтык абалынан аша чабышканы айтылат. 18-февралда Аламүдун жана Жайыл райондук милиция кызматкерлери акча уурдоого шектүү кишини кармап, аны акчаны кайда жашырганын көрсөтүп берүүгө мажбурлашып, милициянын ыкчам тобу келгенче 39 миң долларды алып коюшкан.
Мына ушундай эле кылмышка шек менен Ош шаардык милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон. Алар быйыл 16-январда кылмыштын бетин ачуу үчүн Кара-Кулжа районунун жашоочуларынын үйлөрүндө тинтип жатып, 1 миллион 740 миң сомун алып коюшкан. Бул акчаны протоколго жазбай, өздөрү кымырышкан.
Булак: Мантыш