www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited деген жеке компания менен келишим түзүүгө милдеттендирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
"Мага ушундай маалымат мессенжерге келди. Министрлер кабинетинин буйругу менен күзгү-кышкы жылуулукту камсыздоо үчүн "Электр станцияларын" кайдагы бир Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендиришиптир.
Ал Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келип жана буу казандардын агрегаттарын тейлейт экен. Демек, шек жараткан репутациясы бар кайдагы бир компания биздин стратегиялык маанидеги ишкананы тейлейби?" — деп сурайт Никитенко.
Булак: NazarNews.kg