www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин “серый кардиналы” Балбак Түлөбаев жаңыдан эл карантинден чыгып, эптеп оокат кылып келе жатканда Бишкекти кайра карантинге жабууга бет алды. Учурда көпчүлүк эмгек өргүүсүнө кетишип, өзүнүн жанын баккандар гана соодада калышмак. Анткени, борборубуз Бишкек шаарында карантин учурунда: 106 764 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 982,1 тонна ун, 201,8 тонна макарон, 161 246 литр өсүмдүк майы, 228,1 тонна күрүч, 211,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 18 478 кг чай, 105 806 кг буурчак, 12 530 кг китлап, 448 кг эт, 33 337 коюлтулган сүт, 8 126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түздү.
Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 162 336 беткап, 2 925 респиратор, 1 220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 4 165 литр антисептик, 1 794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6 654 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 100 даана медициналык баш кийим, 9 555 даана бахила, 9 500 даана шпатель келген. Мунун бары элдин колуна түштүбү же шаарды карантинге жабам деген Балбак Түлөбаевдин капчыгына түштүбү, ким билет?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg