www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Ленин проспектисиндеги ок атышуудан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу инспекциясынын эки кызматкери жарадар болду. Бул тууралуу ТАСС агентигини жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ок тийген полиция кызматкеринин бирине операция жасалды, абалы оор деп бааланууда.

Baza телеграм-каналынын маалыматына ылайык, белгисиз киши полициянын машинесине атайын басып барып ок аткан. Учурда кандай куралдан ок атканы такталып жатат.

"Интерфакс" өздүк булагына таянып, ок аткан кишинин аты жөнү Ратмир Галаев экенин жазды. Агенттик ал 24 жаштагы Ингушетиянын тургуну экенин кабарлады.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости