www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Булак: NazarNews.kg